4-октябрда окурмандар Анжиян облусундагы чогулуштардын биринде жаздырып алынган аудиону «Азаттыктын» өзбек кызматына жөнөтүшкөн. Ага «атайын тизмеге киргизилген, сакал өстүргөн жана туруктуу негизде мечиттерге барып жүргөн» 18-19 жаштагы балдар катышкан.
Аудиожазууда өзүн райондук ички иштер башкармалыгынын өкүлү катары тааныштырган адам балдарды сакал өстүрбөөгө чакырган:
— Эгер баары эле сакал коюп жүрүп калса, чарбалык жана мамлекеттик иштер менен ким алектенет? Сакалды 60 жаштан өткөн улгайган адамдар гана өстүрө алышат. Биз түрк же араб эмеспиз, биз өзбекпиз. Келгиле, ата-бабалардан калган каада-салттарды карманалы. Аллах силердин жүрөгүңөрдө болуп, колуңар иш менен алек болсун.
Күбөлөрдүн айтымында, бир саатка созулган түшүндүрүү иштеринен кийин чогулушка катышкан балдар сакалдарын алышкан.
Ал ортодо райондук акимчиликтин өкүлү аймакта конвервативдик жана радикал көз караштагы динге ишенген адамдар менен профилактикалык сүйлөшүүлөр улантылып жатканын билдирди.
Буга чейин өз булактар Наманган облусунда аялдар комитетинин кызматкерлери үйлөрдү кыдырып, жергиликтүү жашоочуларды мусулман кийимдерин кийбөөгө жана сакал өстүрбөөгө чакырып жүрүшкөнүн кабарлашкан.
Сентябрда Фергана облусунун башчысы Шухрат Ганиев кол алдындагы кызматкерлерди сакал койгон жана хижаб кийген жарандарга каршы өнөктүк баштоо буйругун берген.