Бул тууралуу экономика министри Санжар Муканбетов Жогорку Кеңеште депутат Таабалды Тиллаевдин суроосуна жооп берип жатып айтты:
- Берилген жеңилдиктин мөөнөтүн узартуу боюнча сүйлөшүүлөр болуп атат. Негизи азыр ЕАЭБге кирген мамлекеттердин соода-сатыгы бир болуп калды да. Ошондуктан ар бир мамлекет өз автопаркын колдогонго багытталган. Андыктан азыр бул боюнча суроолор болуп атат. Өкмөттө да кеңешип жатабыз. Буюрса алдыга жылабыз.
Мамлекеттик бажы кызматы 9-октябрда 2019-жылдын 31-декабрында транспорт каражаттарына болгон бажы алымдарынын жеңил тарифи аяктай турганын жарыялаган. Ушундан улам 2020-жылдын 1-январынан тартып Кыргызстанга ЕАЭБге тышкаркы өлкөлөрдөн ташылып келген автоунаалардын бажы төлөмү кескин көбөйөт.
Мисалы, учурда 2009-жылы чыккан 2,5 көлөмдөгү «Toyota Camry» автоунаасынын бажы төлөмү 1250 доллар болсо, 2020-жылдан тартып ушундай эле машиненин бажы төлөмү 13 600 долларга чыгат.
Кыргызстан Евразия Экономикалык Биримдигине (ЕАЭБ) 2015-жылы киргенден кийин машинелер үч жыл бою биримдиктин алкагындагы төлөмдөр менен ташылган. 2018-жылы кыргыз өкмөтү Кыргызстанга ташылып келген автоунааларга бажы алымдарынын өлчөмүн азайтып, электромобилдерге нөлдүк төлөм койгон.
Экономика министрлиги ЕАЭБдин келишимине ылайык, Кыргызстан 2020-жылга чейин бажы жана салык төлөмдөрүн өзү каалагандай коюуга укугу бар экенин кабарлаган.