Ссылки доступа

Жарандыгы жок адамдардын саны канча? (жыйнак)


ММКлар бул маалыматтарды каалагандай колдоно алышат. Каалоочуларга видеотасмалардын түп нускасын да жиберебиз. Директ топтомунан дагы керек болгон видеолорду пайдалануу мүмкүнчүлүгү берилүүдө.

- Жарандыгы жок адамдардын саны канча? Ачык булактардагы маалыматтарга ылайык, Казакстанда жети миңден ашык адам эч бир өлкөнүн жарандыгына ээ эмес. Дүйнөдө жарандыгы жок адамдардын саны 10 миллиондон 15 миллионго чейин жетет. (инфографика)

- Калеми менен из калтырган инсан. Чыгаан журналист Султан Жумагуловдун көзү өткөнүнө быйыл туура бир жыл болду. Маркум тирүү болгондо быйыл 60 жашка чыкмак. Ал эмгек жолун жергиликтүү басылмалардан баштап, ВВС, “Азаттык”, ЭлТР жана КТРКда жетекчилик кызматтарда эмгектенген. (Директтен видео)

- Кыргыз-өзбек чек арачыларынын машыгуусу. 10-октябрда үч мамлекеттин (Кыргызстан – Өзбекстан – Тажикстан) чек арасынын бириккен аймагында Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арачыларынын биргелешкен тактикалык машыгуусу болуп өттү. (Директтен видео)

- Көк-Жарда бала бакчадан өрт чыкты. Бишкектин Көк-Жар калктуу конушунун Көк-Жар көчөсүндө жайгашкан жеке менчик бала бакчадан өрт чыкты. «Азаттыктын» оператору жиберген сүрөттөн бала бакчанын имараты күйүп жатканын көрүүгө болот. (Директтен видео)

- Бишкекте “Франчайзинг” көргөзмөсү өттү. Бишкекте «Франчайзинг жана соода-сатык ЭКСПО» деген аталышта эл аралык көргөзмө өтүп жатат. Аны АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин колдоосу менен Жаш ишкерлер ассоциациясы уюштурду. (Директтен видео)

- Үч-Теректик бийчилердин кыялы. Токтогул районунун Үч-Терек айылында жергиликтүү келин ачкан кыздардын бий мектеби көпчүлүктө кызыгуу жаратты. Учурда айылдагы маданий иш-чаралар жана той-топурлар жаш бийчи кыздардын коштоосу менен өтүп келет. (Директтен видео)

- Обаманын үй-бүлөсүн куткарып калгын ит мамлекеттик сыйлык алды. (видео Директ)

- Токаев санариптештирүүдө кытай компаниясынын тажырыйбасын колдонууну сунуштады. Ал компанияга АКШ санкция салган. (видео)

- Активисттер Өзбекстандан блогер Нафосат Оллошукурованы бошотууну талап кылышууда. (видео Директ)​

- Жабырлануучулар Новосибирсктеги жапырт мушташтын себептери тууралуу айтып беришти. (видео Директ)

- «Мени көмкөрөмөн жаткырып, колу-бутумду байлап, кыйнашты».Душанбенин тургундары Майрам Содикова менен Мастона Зайниддинова милиция кызматкерлери тарабынан кыйноого алынганын билдиришти. (Тажикстандан видео)

- Анжиянда мугалим 7-класстын окуучусун сабады​. (Өзбекстандан видео)

- Ата-энелер «электрондук күндөлүктөргө» каршы​. (Казакстандан видео)

- Кыргызстанда мыйзамсыз көмүр шахталары кандай иштейт? (Настоящее время)

- Казакстандагы энергиянын кайра жаралуучу булактары: пландар жана реалдуулук. (инфографика)

- Кыргызстанда мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар иштеген сулуулук салону ачылды. (видео Директ)

- Тажикстанда имамдар социалдык түйүндөрдү өздөштүрүшүүдө (видео)

- Екатеринбургда кардарлар өлүм тууралуу сүйлөшө турган кафе ачылды. (видео Директ)​

- Орусия Крымда украин телеканалдары менен радиолорунун сигналын өчүрүүдө. (видео Директ)

- ФСБнын жанындагы жарылуу тууралуу жазган журналист жети жылга соттолушу мүмкүн. (видео Директ)

УРМАТТУУ КЕСИПТЕШТЕР! ТЕЛЕЖАҢЫЛЫК, КӨРСӨТҮҮ, САЙТ ҮЧҮН КӨЧҮРҮҮГӨ МҮМКҮН БОЛГОН, ЖЕТКИЛИКТҮҮ МИҢДЕГЕН АУДИО- ВИДЕОМАТЕРИАЛДАР МЕНЕН ТААНЫШЫП АЛЫҢЫЗДАР. АЙРЫМДАРЫНЫН ЛОГОТИБИ ЖОК.​

XS
SM
MD
LG