Ссылки доступа

Казакстанда мунайчылар айлык акыны жогорулатууну талап кылууда


11-октябрда Актөбө шаарында “Чыгыш-мунай жана сервистик кызмат” компаниясынын ондогон жумушчулары башкы кеңсеге чогулуп, айлык акыны жогорулатууну талап кылышты.

Жумушчулардын билдиришинче, буга чейин иш берүүчү алардын маянасын 20% көбөйтүүгө убада берген, бирок мунайчылардын айлык акысы жогорулаган эмес.

– Маянабыз аз. Иш берүүчү аны 50% жогорулатууга көнбөй жатат. 4-разряддагы жумушчунун айлык акысы 120 миң теңгеге да (300 доллар) жетпейт, – деди бургулоочу Амантай Бердимагамбетов.

Нааразылык акциясынын катышуучулары менен Актөбө облусунун акиминин орун басары жолугуп, компания жумушчулардын айлык акысын эки жолу – январда 9%, сентябрда 20% көбөйткөнүн айтты. Аткаминер компания бул маселени кайрадан кийинки жылы карай турганын билдирди.

Сентябрда “Чыгыш-мунай жана сервистик кызмат” компаниясынын жумушчулары 10-октябрга чейин маяна жогорулабаса, иш таштай турганын билдиришкен. 11-сентябрда бир нече мунайчы кенде жумуш токтогонун кабарлаган. Компания бул тууралуу комментарий берген эмес.

“Чыгыш-мунай жана сервистик кызмат” компаниясында 1 112 жумушчу бар, анын 106сы чет өлкөлүктөр. Айлык акыны көтөрүүнү казакстандык мунайчылар талап кылууда. Ишкана Жаңыжол, Кенкыяк кендеринде мунай жана газ скважиналарын бургулоо менен алектенет.

Видео

XS
SM
MD
LG