Ссылки доступа

AHRCA: Навоидеги түрмөдө беш соттолуучу ачкачылык жарыялады 

Навои облусунун Кызылтепе шаарындагы № 64/4 колонияда соттолгондор кыйноого дуушар болууда. Бул тууралуу баш кеңсеси Францияда жайгашкан Борбор Азиядагы адам укуктары боюнча ассоциациясы (AHRCA) билдирип, эл аралык коомчулуктан жардам сурады.

Маалыматка караганда, 10-октябрда № 64/4 түрмөдө беш соттолуучу колониядагы оор абалга көңүл бурдуруу үчүн ачкачылык жарыялаган.

Уюмдун билдиришинче, 29-сентябрдан тарта аталган түрмөдөгү он соттолуучу кыш чыгарган заводдо иштешкен жана алар колониянын администрациясынан жаңы кол кап жана бут кийим сурашкан. Бирок түрмө кызматкерлери аларга орой мамиле жасап, ур-токмокко алышкан. Буга байланыштуу соттолуучулардын теңи ачкачылык жарыялашкан.

AHRCA маалымдагандай, колониянын карамагындагы кыш чыгарган завод күнү-түнү иштеп, күнүнө 400 миң кирпич чыгарат. Уюм өзбек бийлиги соттолуучуларды мажбурлап иштетип жатканын эске салып, муну ГУЛаг деп аталган сталиндик жазалоо системасына теңеди.

XS
SM
MD
LG