Ссылки доступа

Мунайчылардын нааразылыгынан кийин Казакстанга Бээжинден делегация келди


Казакстандын Актөбө облустук акимчилиги кытай тараптын өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөр башталганын билдирди.

Өткөн жумада казак-кытай биргелешкен «СНПС-Актобемунайгаз» компаниясы менен кызматташкан «Чыгыш-мунай жана сервистик кызмат» ишканасынын жумушчулары айлыкты жогорулатуу талабы менен нааразылык акциясын өткөрүшкөн.

– Бээжинден келген кытай делегациясынын өкүлдөрү ишкананын кирешеси «СНПС-Актобемунайгазга» көз каранды экенин айтып жатышат. Бул компаниянын бургулоочу ишканалар үчүн сунуштаган тарифтери акыркы он жылдан бери өзгөргөн эмес. Бул аралыкта өлкөдө инфляция болуп, көп нерсе өзгөрдү. Ишканалардагы экономикалык кыйынчылыктарды чечүү үчүн маселени системалуу түрдө иликтеп, тарифтерди кайрадан карап чыгууну сунуштадык, — деп билдирди облус акиминин орун басары Кайрат Бекенов.

Анын айтымында, кытай делегациясынын өкүлдөрү компаниянын каржылык эсеп-кысабы менен таанышкандан кийин жумушчулардын айлыгы боюнча чечим чыгарууга ниеттенишүүдө.

11-октябрда аталган ишканада иштеген казак жумушчулар айлыкты 50 пайызга жогорулатууну талап кылышкан. Алар маянаны 20 пайызга көтөрүү тууралуу компаниянын сунушуна макул эмес экенин айтышкан.

Актөбө облустук акимчилигинин маалыматына караганда, «Чыгыш-мунай жана сервистик кызматтын» акцияларынын 100 пайызы Xibu («Сибу») кытай корпорациясына таандык. Ишкана Актөбө облусундагы мунай кенин иштеткен казак-кытай биргелешкен «СНПС-Актобемунайгаз» компаниясынын буйрутмаларын аткарат. Анда иштеген 1 200 жумушчунун 10 пайызын кытайлыктар түзөт.

XS
SM
MD
LG