Катта Эркин Европа/Азаттык Радиосун каржылаган АКШнын Конгресси эркин жана көз карандысыз басылмалардын өнүгүшүн жактай турганы, АКШ менен Тажикстандын мамилелерине доо кетире турган абалга кооптонуп жатканы жазылган.
Маалыматка караганда, учурда Тажикстан ТИМи тарабынан аккредитация берилбегендиктен, “Азаттыктын” тажик кызматынын 9 журналисти ишмердүүлүгүн токтоткон.
Алардын арасында Душанбедеги бюронун башчысы жана 2017-жылдан бери ТИМ тарабынан ишмердүүлүк үчүн уруксат алууну күтүп келген журналист бар. Быйыл июнь айында ТИМ редакциянын оператору Баротали Назаровду аккредитациядан ажыраткан. Мындан тышкары “Азаттыктын” тажик кызматынын дагы 9 кызматкеринин аккредитация мөөнөтү ноябрь айында бүтөт.
Конгресс Тажикстан президентин “Азаттыктын” тажик кызматынын ишмердүүлүгүнүн уланышына жана журналисттердин аккредитациядан өтүшүнө жардам берүүгө чакырган.
Аккредитациядан өтүү маселеси биринчи жолу чыгып жаткан жок. 2016-жылы президент Эмомали Рахмондун кыздарынын биринин Тажикстан ТИМиндеги жаңы кызматы тууралуу материалдан кийин Эркин Европа/Азаттык Радиосунун тажик кызматынын алты кызматкери аккредитациядан ажыратылган.