Ссылки доступа

Полиция жаңыөзөндүк активисттин сотунда адамдар кармалганын четке какты


Мангистау облустук полиция департаменти кечээ жаңыөзөндүк активист Ержан Елишибаевдин иши боюнча соттон кийин адамдардын кармалгандыгы тууралуу маалыматты четке какты.

17-октябрь күнү кечинде Жаңыөзөн шаардык соту жергиликтүү жумушсуздар кыймылынын 31 жаштагы активисти Ержан Елшибаевди беш жылга эркинен ажыраткан. Ал быйыл февраль-март айларында шаардын жумушсуз тургундарынын акцияларына катышкан.

Сот аны «Денеге атайлап зыян келтирүү» беренеси боюнча күнөөлүү деп тапты. Ал быйыл 24-мартта кармалган.

Соттун материалдарына ылайык, Елшибаев 2017-жылы шаардагы мушташ маалында белгисиз бир адамдын саламаттыгына зыян келтирген. Ал бул айыптоолорду четке кагып, кылмыш иши анын жарандык акивдүүлүгү үчүн козголгонун билдирүүдө. Бул иш боюнча сот 26-июнда башталган.

Буга чейин байкоочулар менен адвокаттар бул иште жабырлануучу катары өтүп жаткан адам бир канча жолу Елшибаевге эч кандай дооматы жок экенин билдиргенин айтышкан.

Күбөлөрдүн айтымында, полиция 17-октябрдагы сотто өкүмгө нааразылыгын билдирген активисттин тарапташтарын кармап, шаардык полиция бөлүмүнө жеткирген. Бирок облустук полиция департаментинин басма сөз катчысы Айгерим Ибатуллаева соттон кийин эч ким кармалбаганын билдирди. Анын айтымында, сот чечимине нааразы болгон жарандар болгону имараттан сыртка чыгарылган.

Ал ортодо социалдык түйүн колдонуучулары адамдар бейшемби күнү кечинде полиция башкармалыгынын алдына чогулуп, кармалган жарандардын чыгышын күтүп жатышканы тартылган видеолорду жарыялашты.

Быйыл августта Ержан Елшибаев укук коргоочулар тарабынан саясий туткун деп табылган.

XS
SM
MD
LG