Ссылки доступа

Түркмөнстандын түштүгүндө окуучулар кафе-ресторандарда иштеп жатышат


Түркмөнстандагы оор экономикалык абалга байланыштуу акыркы убакта Мары шаарындагы мектептердин окуучулары кафе-ресторандарда иштеп жатышат. Бул тууралуу «Азаттыктын» түркмөн кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, жаш кыздар менен балдар сабактан кийин кафе, бар жана банкет залдарында иштешет. 8-9 сааттык жумуш үчүн иш берүүчү аларга 40 манат (11. 4 доллар) төлөйт.

Түркмөнстандын Эмгек кодексине ылайык, эмгек келишими 18 жашка чыккан жарандар менен гана түзүлүшү керек. Ошол эле маалда жашы жете элек өспүрүмдөр менен дагы кыскартылган иш мөөнөтүнө жараша келишим түзсө болот. Ага ылайык, 16 жаштан 18 жашка чейинки жарандар жумасына 36 саатка чейин, 16 жашка чейинкилер 24 саатка чейин гана иштей алат.

XS
SM
MD
LG