Ссылки доступа

RSF казак бийлигин журналист Батырбековду бошотууга чакырды

«Чек арасыз кабарчылар» (RSF) эл аралык уюму казак бийлигин журналист Амангелди Батырбековду бошотуп, сот өкүмүн жокко чыгарууга чакырды. Ал өткөн айда жалаа жабуу айыбы менен эки жыл үч айга соттолгон.

Уюмдун 22-октябрда жарыяланган билдирүүсүндө Батырбековго карата чыгарылган өкүм кезектеги жолу өлкөдө «журналисттер куугунтукталарын» көрсөткөндүгү белгиленген.

— Бул катаал өкүм көптөгөн процессуалдык мыйзам бузуулар менен коштолгон соттук териштирүүлөрдүн жыйынтыгында чыкты. Эгер казак бийлиги реформалар тууралууу айткандары олуттуу кабыл алынсын десе, маалымат каражаттарынын ишмердүүлүгүнө байланышкан кылмыш иштерди токтотушу керек, — деп билдирди уюмдун Чыгыш Европа жана Борбор Азия боюнча өкүлү Йоханн Бир.

«Жалаа жабуу» жана «Мазактоо» беренелери боюнча айыпталган жарандык активист, «Сарыагаш инфо» басылмасынын редактору Амангелди Батырбековго карата өкүм 23-сентябрда чыккан. Сот аны «Фейсбуктагы» билдирүүсү менен Келес райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысын кемсинтүүгө күнөөлүү деп таап, компенсация катары 2,1 миллион теңге (5 300 доллар) айып пул төлөөгө милдеттендирген. Журналист айыптоолорду четке кагып, сын-макалалары үчүн куугунтукка алынып жатканын билдирген.

Өткөн жумада «Чек арасыз кабарчылар» уюму Батырбековду ишмердүүлүгүнө байланыштуу камакка алынган журналисттердин тизмесине киргизген.

18-октябрда кеңсеси АКШда жайгашкан «Журналисттерди коргоо комитети» казак бийлигин журналист Амангелди Батырбековго тагылган бардык айыптарды алып, тез арада эркиндикке чыгарууга чакырган.

XS
SM
MD
LG