Ссылки доступа

Сириядагы беш күндүк элдешүү жараяны аяктады (жыйнак)


ММКлар бул маалыматтарды каалагандай колдоно алышат. Каалоочуларга видеотасмалардын түп нускасын да жиберебиз. Директ топтомунан дагы керек болгон видеолорду пайдалануу мүмкүнчүлүгү берилүүдө.

- Германиядагы кыргыздардын уюткусу. Германиянын Бонн шаарында кыргыздардын "KyrgyzClub-Germany" уюмунун 10 жылдык мааракеси өттү. Ага немис жергесинде окуп, иштеп, жашаган мекендештер катышты. Мындан тышкары Франция, Бельгия, Орусия жана башка өлкөлөрдөгү кыргызстандыктардын уюмдарынан өкүлдөр келишти. (видео)

- «Кытайча үйрөндүм, эми Европада окуйм». 24 жаштагы Адилет Кытайдан билим алып келип, борбордо кытай тилин үйрөтүүчү курс ачкан. Ал Кытайга эки жолу барып, окуп келген. Биринчи жылы тил үйрөнүп, андан кийин дагы бир жылга квалификациясын жогорулатуу боюнча грант утуп алган. (Директтен видео)

- Казакстанда "Ислам мамлекети" тобунун 14 мүчөсү соттолууда. (видео Директ)

- Сириядагы беш күндүк элдешүү жараяны аяктады. (Настоящее время)

- Казакстандагы арзыбаган айлык алган мугалимдер (видео)

- «Ар бир үйдө 1-2ден мигрант бар»: айыл Орусияга иштегени кеткен тургундардын эсебинен жашайт. Жалал-Абад облусундагы айыл дээрлик толугу менен эмгек мигранттары жөнөткөн акчага жашайт. (видео Директ)​

- «Алтын паша»: Мен Каримовдун бийликтен кетирип, Мирзиёевди өлтүргүсү келгендердин курмандыгы болдум. Өзбекстанда белгилүү зергер, «Алиев Заргари» (Gold Center) компаниясынын башчысы Ахмед Алиев маалымат жыйынын өткөрүп, саясий репрессиянын курмандыгы болгонун билдирди. (Өзбекстандан видео)

- Өзбекстандык укук коргоочу Казакстанда психиатриялык ооруканага жаткырылды​. (видео)

- Тажикстандык эне уулунун мунапыс менен бошотулушун күтүүдө: ал маңзат сатуу айыбы менен соттолгон. (видео)

- Москвада тажикстандык мигранттын полиция тарабынан сабалганы видеого түшүп калган. (видео директ)

- Жүк унаасын айдаган Минара. (Настоящее время)

- Душанбеде тарыхый үйлөр бузулууда. (видео Директ)​

- Жээнбеков президент болуп шайлангандан кийинки эки жылда эмнелер өзгөрдү? (видео Директ)​

- Аскерден качкан студент экинчи кабаттан секирип кетти. (Тажикстандан видео)

- «Жол киреден мурда жүзүңдү көрсөт». Казакстанда коомдук транспортко адамдын жүзүн аныктай алган видеокамералар орнотула башталды. Мындай заманбап жабдыкты Нур-Cултан шаарынын бийлиги кытайлык "Hikvision" компаниясынан сатып алган. (Казакстандан видео)

- Парламент депутаттары партиялык тизмедеги орундардын баалары канча экенин айтышты. (Настоящее время)

- Чексиз мүмкүнчүлүктөр. Ангелинанын жеңиши. (Кыргызстандан видео)

- Олег Сенцов Ukrainian ID Award сыйлыгын алды. (видео Директ)

- Армениялыктар CBS сериалынын Тоолуу Карабах тууралуу эпизодуна нааразы болушууда. (Настоящее время)

- Мексикада маңзат төбөлдөрү менен полициянын ортосунда атышуу болду. (видео Директ)

- Жарандыгы жок адамдардын саны канча? Ачык булактардагы маалыматтарга ылайык, Казакстанда жети миңден ашык адам эч бир өлкөнүн жарандыгына ээ эмес. Дүйнөдө жарандыгы жок адамдардын саны 10 миллиондон 15 миллионго чейин жетет. (инфографика)​

УРМАТТУУ КЕСИПТЕШТЕР! ТЕЛЕЖАҢЫЛЫК, КӨРСӨТҮҮ, САЙТ ҮЧҮН КӨЧҮРҮҮГӨ МҮМКҮН БОЛГОН, ЖЕТКИЛИКТҮҮ МИҢДЕГЕН АУДИО- ВИДЕОМАТЕРИАЛДАР МЕНЕН ТААНЫШЫП АЛЫҢЫЗДАР. АЙРЫМДАРЫНЫН ЛОГОТИБИ ЖОК.

XS
SM
MD
LG