Ссылки доступа

Кыргыз бийлиги эмгек мигранттарынан жардам суроодо (жыйнак)

ММКлар бул маалыматтарды каалагандай колдоно алышат. Каалоочуларга видеотасмалардын түп нускасын да жиберебиз. Директ топтомунан дагы керек болгон видеолорду пайдалануу мүмкүнчүлүгү берилүүдө.

- Кыргызстан премьер-министри өкмөттү электромобилдерге отургузууга ниеттенүүдө. (видео Директ)

- Мектеп прораммасын балдары менен кошо өздөштүргөн Жазгүл (видео Директ)

- Өзбекстанда көзөмөл камералары бала бакчадагы балдарды кыйноодон коргоп кала алган жок . (видео)

- Кыргыз бийлиги эмгек мигранттарынан жардам суроодо. (видео)

- Атамбаевдин макамын алуу мыйзамдуу деп табылды. Жогорку соттун Конституциялык палатасы мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тарапкерлеринин өтүнүчүн четке какты. Конституциялык палатанын судьялары 2019-жылдагы «Президенттин ишмердигинин кепилдиктери жөнүндө» мыйзамдын нормаларын Баш мыйзамга ылайык деп тапты. (видео)

- Баткен коогалаңынын актай барактары (4-бөлүк). “Өзбекстандын ислам кыймылынын” (ӨИК) согушкерлери менен Кыргызстандын аскерлеринин 20 жыл мурдагы кагылышуусу “Баткен согушу”, “Баткен окуясы”, “Баткен коогалаңы” деген ат менен тарыхта калды. (видео)

- Акыйкаттык издеген Азимовдор. (видео)

- Шайлоодогу 9 пайыздык чек талашка түштү. Кыргызстанда быйыл кабыл алынган шайлоо мыйзамындагы 9 пайыздык босого талкууга түштү. Айрымдар мындай босого менен парламентке административдик жана финансылык ресурска ээ болгон тараптар гана келип, жалпы коомчулуктун пикири эске алынбай калат деген ойлорун айтышууда. (видео)

- Өзбекстандын валюта базарын либерализациялоо тууралуу эксперттин пикири. (видео Директ)​

- Кытай жумушчулары менен мушташ жана анын кесепеттери. Алматы облусунда казак жана кытай жумушчуларынын ортосундагы мушташтан кийин беш киши камакка алынды. (Казакстандан видео)

- Нью-Йорктогу Гуггенхайм музейине 60 жыл. (Настоящее время)

- Казакстандагы арзыбаган айлык алган мугалимдер (видео)

- «Ар бир үйдө 1-2ден мигрант бар»: айыл Орусияга иштегени кеткен тургундардын эсебинен жашайт. Жалал-Абад облусундагы айыл дээрлик толугу менен эмгек мигранттары жөнөткөн акчага жашайт. (видео Директ)​

- «Алтын паша»: Мен Каримовдун бийликтен кетирип, Мирзиёевди өлтүргүсү келгендердин курмандыгы болдум. Өзбекстанда белгилүү зергер, «Алиев Заргари» (Gold Center) компаниясынын башчысы Ахмед Алиев маалымат жыйынын өткөрүп, саясий репрессиянын курмандыгы болгонун билдирди. (Өзбекстандан видео)

- Тажикстандык эне уулунун мунапыс менен бошотулушун күтүүдө: ал маңзат сатуу айыбы менен соттолгон. (видео)

- Жүк унаасын айдаган Минара. (Настоящее время)

- Жээнбеков президент болуп шайлангандан кийинки эки жылда эмнелер өзгөрдү? (видео Директ)​

- «Жол киреден мурда жүзүңдү көрсөт». Казакстанда коомдук транспортко адамдын жүзүн аныктай алган видеокамералар орнотула башталды. Мындай заманбап жабдыкты Нур-Cултан шаарынын бийлиги кытайлык "Hikvision" компаниясынан сатып алган. (Казакстандан видео)

- Трамп Сирияда «чоң ийгиликтерге жетишкенин» билдирди. Азыр ал өлкөдө кандай окуялар болууда? (Настоящее время)

- Гонконг расмий түрдө экстрадиция тууралуу мыйзам долбоорун чакыртып алды. (Настоящее время)

- Бакудагы митингдерге адамдардын кармалышы. (сүрөт баян)

УРМАТТУУ КЕСИПТЕШТЕР! ТЕЛЕЖАҢЫЛЫК, КӨРСӨТҮҮ, САЙТ ҮЧҮН КӨЧҮРҮҮГӨ МҮМКҮН БОЛГОН, ЖЕТКИЛИКТҮҮ МИҢДЕГЕН АУДИО- ВИДЕОМАТЕРИАЛДАР МЕНЕН ТААНЫШЫП АЛЫҢЫЗДАР. АЙРЫМДАРЫНЫН ЛОГОТИБИ ЖОК.

XS
SM
MD
LG