Ссылки доступа

Пентагон Сириядагы мунай кендерин коргоо үчүн кошумча күч жөнөтүүнү пландоодо


24-октябрда Пентагон мунай кендерин жоочулардан коргоо максатында Сириянын түндүк-чыгыш аймактарына кошумча аскер жөнөтүүгө ниеттенип жатканын билдирди.

Буга чейин АКШ президенти Дональд Трамп Түркия менен чек аралаш аймактан америкалык аскерлерди алып чыгып кетерин жарыялаган.

Трамптын чечимин Конгресстеги демократтар гана эмес республикачылар да сындаган. Алардын көбү башаламандык учурунда камактагы 10 миңдей ИМ террордук тобунун мүчөлөрү качып кетиши ыктымал экенине кооптонушкан.

– “Ислам мамлекети” террордук тобу менен күрөштө АКШ менен анын өнөктөштөрүнүн негизги ийгилиги катары Сирия чыгышындагы мунай кендерине көзөмөл орногонун атаганга болот. Бул ИМ тобунун негизги каржы булагы болгон, – деп айтылат АКШнын Коргоо министрлигинин маалыматында.

Билдирүүдө АКШ мунай кендерин жоочуларга алдырып жибербөө үчүн “Сирия демократиялык күчтөрү” менен кызматташууну бекемдөөгө ниеттенип жатканы айтылган.

XS
SM
MD
LG