Маалыматтарга караганда, браконьерлер алардын мүйүздөрүн араалап алып кетишкен.
Учурда бөкөндөрдү өлтүргөн адамдарды аныктоо жана колго түшүрүү иштери жүрүүдө. Бул максатта облустук ички иштер органдары толук курамда ишке тартылып, блокпосттор коюлган. Учурда шектүү автоунаалар текшерилип жатат.
Быйыл январь айында Нура районунда браконьерлер тобун колго түшүрүү маалында «Охотзоопром» ишканасынын корукчусу Ерлан Нугалиев өлтүрүлүп, анын шериги Петр Ницык катуу жаракат алган. Бул иш боюнча сот отуруму 31-октябрга белгиленген.