Пентагондун башчысы Кошмо Штаттар Сирияда полициячынын ролун аткарууга ниети жок экенин, бирок аскерлер күрддөрдүн көзөмөлүндөгү аймактарда жайгашкан мунай кендеринин коопсуздугун коргоого бет алышканын айтты.
Учурда мунай жана мунайпродукциялары күрд администрациясынын негизги каржы булагы. АКШ күрддөргө жардам берсек, алар ИМ тобунун камактагы жоочуларын кайтарууга жана бул топтун калган мүчөлөрү менен күрөшүүгө колдоо көрсөтөт деп үмүттөнүүдө.
АКШ коргоо министринин айтымында, түрдүү «мамлекеттик жана мамлекеттик эмес күчтөр» Сириянын мунай кендерине ээлик кылууга кызыктар. Бул аймактарга орус жана сирия өкмөттүк күчтөрүн киргизбөө үчүн аскерлер жөнөтүлүп жатабы деген суроого Марк Эспер «ооба» деп жооп берди.
Баштапкы маалыматтарга караганда жүздөгөн аскерлер жана ондогон чопкутталган техникалар Ефрат дарыясынын чыгышындагы эң маанилүү мунай кендерин кайтарышат.
2018-жылы февралда орусиялык жалданма аскерлер сириялык өнөктөштөрү менен бирге Дейр-эз-Зор шаарындагы мунайды кайра иштетүүчү заводго чабуул жасоого аракет кылган.