Ссылки доступа

Трамп: АКШ менен Кытай соода келишимине кол коёт


АКШнын президенти Дональд Трамп жакында Вашингтон менен Бээжиндин ортосундагы соода согушун токтотууга багытталган келишимге кол коюла турган жер жарыялана турганын билдирди.

30-октябрда Чили ноябрдын ортосуна белгиленген «Азия-Тынч океан экономикалык кызматташтыгы» саммитин өткөрүүдөн баш тартканын жарыялаган. Бул форум бир жарым жылдан бери соода согушун жүргүзүп келаткан АКШ менен Кытайдын ортосундагы чыңалууну басаңдатууга түрткү болору күтүлүп жаткан.

— Азыр Кытай менен АКШ соода келишиминин биринчи фазасына кол коюла турган башка жерди издеп жатат. Жакында ал жерди жарыялайбыз. Президент Си менен президент Трамп келишимге кол коюшат, — деп жазды АКШ лидери «Твиттерге».

Чили бийлиги өлкөдө уланып жаткан нааразылык акцияларына байланыштуу «Азия-Тынч океан экономикалык кызматташтыгы» саммитинен тышкары декабрга белгиленген БУУнун климаттын өзгөрүшүнө арналган конференциясын дагы өткөрүүдөн баш тартты.

XS
SM
MD
LG