Ссылки доступа

Казакстанда тамак-ашка ууланды делген эки бала мерт болду


Чымкент шаарында бир үй-бүлөдөн эки бала тамакка уулануу белгилери менен каза болду. Бул тууралуу шаардык өзгөчө кырдаалдар департаменти билдирди.

Маалыматка караганда, 3-ноябрда бир аял үч баласы менен ооруканага жеткирилген. Дарыгерлер 32 жаштагы аял менен анын 11 жаштагы уулун инфекциялык ооруканадан токсикологиялык бөлүмгө которушкан.

Эки баланын өмүрүн сактап калууга мүмкүн болгон жок. Төрт жаштагы бала эртең менен инфекциялык ооруканада, 1 жаштагы ымыркай түштөн кийин токсикологиялык бөлүмдө көз жумган.

Чымкент шаардык өзгөчө кырдаалдар департаменти алар газга ууланбаганын билдирди.

Видео

XS
SM
MD
LG