«Сомониён» мейманканасы он үч жылдан бери курулуп бүтө элек. Буга чейин Тажикстан парламенти объектини бажы жана башка төлөмдөрдөн бошоткон.
«Азия плюс» маалымат агенттиги кабарлагандай, мейманкананы Тажикстан президентинин аткаруучу аппараты салдырууда. Курулуш иштерин «Исмоили Сомони – 21-кылым» компаниясы жүргүзүүдө. «Сомониён» мейманканасын курууга 30 миллион доллар бөлүнгөн.