- Тажиктан жашоочулары аскерге жигиттерди уурдап алып кетүү кездешип жатканына даттанышууда. (видео Директ)
- Тышкы саясат: президенттин иши менен сөзү. Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстан көп векторлуу тышкы саясатты жүргүзөрүн айтты. Бул тууралуу өлкө башчы 12-ноябрда Бишкектеги Ала-Арча мамлекеттик резиденциясында Тышкы иштер министрлигинин 75 жылдыгына карата уюштурулган иш-чарада билдирди. (видео)
- Жуматаев: Илимге колдоо керек. Кыргызстанда 10-ноябрда илим күнү белгиленди. Бул күндү утурлай Кыргызстандын Улуттук Илимдер академиясынын президенти Муратбек Жуматаев “Азаттыктын” “Эки-бир” маегине конок болду. Анда Кыргызстандагы илимдин учурдагы абалы, көйгөйлөрү жөнүндө суроолорго жооп берди. (видео)
- Укук баладан башталат. Бишкекте адам укуктары боюнча тасмалар “Россия” кинотеатрында акысыз көрсөтүлө баштады. Ар бир тасма анын авторлору менен талкууланууда. Бул иш-чаралар 11-ноябрда башталган даректүү тасмалардын «Бир Дүйнө-Кыргызстан» эл аралык фестивалынын алкагында өтүүдө. (видео)
- Шайлоо мыйзамы: саясатчылар бийликке кайрылды. Бишкекте 11-ноябрда преференциалдык шайлоо ыкмасын киргизүү боюнча сунушталып жаткан мыйзам долбоору талкууланды. (Директтен видео)
- Жаңгак менен жан сактаган эл. Нечен кылымдан бери элди багып келаткан Арстанбап жаңгак токою. Чүйдөгү Калыгул айылы мектепсиз калып, балдар шарты жок эмканада окуп жатышса, сыркоолор кулайын деген суук мектептеги дарыгерге көрүнүүгө аргасыз. (Директтен видео)
- Европаны бириктирген күн. Бул күндөрү Берлин дубалынын кулатылышынын 30 жылдыгы белгиленип жатат. 1989-жылдын 9-ноябрында “Кансыз согуштун” символуна айланган Берлин дубалы бузулган. (Директтен видео)
- Казакстанда шайлоо мыйзамдарын өзгөртүү максатында референдум демилгелөө аракеттери башталды. (Казакстандан видео)
- Касан шаарында жаңы төрөгөн аялдар ымыркайлары менен бирге полго жаткырылган. (видео)
- Кийиз дүйнө. Казакстандык чебердин эмгектери . (сүрөт баян)
- Made in Uzbekistan товарлары тажик рыногунда өз ордун тапты. (видео Директ)
- Экстремизмдин тору, энелердин шору. Балдары Сирияга кеткен энелер “Азаттык” радиосу аркылуу президент Сооронбай Жээнбековго кайрылышты. Алар кыргыз бийлигинен согуш баскан өлкөдөн уул-кыздарын алып келип берүүнү өтүнүшөт. (Директтен видео)
- Тажикстандагы акыркы беш жыл ичинде жасалган экстремисттик чабуулдар. (видео Директ)
- Самаркандда жергиликтүү жана түрк жумушчуларынын ортосунда жапырт мушташ болду. (Өзбекстандан видео)
- Блогерлер – Казакстан менен Беларустагы интернет эркиндиги тууралуу пикирлерин билдиришти. (видео Директ)
- Азия 360°: Кыргызстандагы мыйзамдуу жана мыйзамсыз көмүр. (видео)
- Тажикстанда Орусияга көчүп кетүүнү каалаган жарандар көбөйүүдө. (видео)
- Олег Сенцов абактан чыккандан кийин эмне менен алектене турганын айтты. (видео Директ)
- Максим Галкин Путин жөнүндө тамашалады. (Настоящее время)
- Зеленский Крым үчүн күрөшүүгө даярбы? (видео Директ)