Министрлик окуяны күтүлбөгөн кырсык катары мүнөздөдү.
6-ноябрда Өзбекстандын Хорезм облусунда сын макалалары менен белгилүү журналист Давлат Назарды автоунаа сүзүп кетип каза болгон.
Давлат Назар акыркы учурда анын артынан аңдуулар көбөйгөнүн айтып, убактылуу Ташкентте жашап турууну чечкен. Бир жума мурда ал кайра Хорезмге кайтып келген.
48 жаштагы журналист буга чейин Хорезм облусундагы «Жаштар үнү», «Хорезм жаштары» гезиттеринде иштеген. Өмүрүнүн акыркы жылдарында «Жамият» деген социалдык-саясий гезитте кабарчы болуп жүргөн.