— Бюджет долбоорунда социалдык тармакты өнүктүрүүгө, анын ичинде айлыктарды, пенсияларды, мамлекеттик жөлөк пулдарды жана студенттердин стипендияларын 10 пайызга көбөйтүүгө бюджеттин 75 пайызын бөлүү каралган, — деп жазды ТДХ мамлекеттик агенттиги. Бирок басылманын билдирүүсүндө өлкөнүн кийинки жылга каралган мамлекеттик бюджетинин жалпы көлөмү айтылган эмес.
Жыйындын жүрүшүндө өкмөт быйыл улуттук экономика туруктуу өнүгүп жатканын белгилеген.
Быйыл августта АКШнын Мамлекеттик департаменти жарыялаган баяндамада Түркмөнстандын бюджети финансылык ачык-айкындуулуктун минималдык талаптарына дагы жооп бербей турганы жазылган.