Ссылки доступа

Кабулда БУУнун автоунаасына кол салуу болуп, бир киши өлдү


Ооганстандын борбору Кабулда 24-ноябрда БУУнун автоунаасына кол салуу болуп, бир чет өлкөлүк жаран каза тапты.

Ооганстан ИИМинин маалымат катчысы Насрат Рахими дагы беш киши жаракат алганын, алардын экөө ооган кызматкери экенин билдирди. Автоунаа катуу талкаланган.

Рахиминин билдиришинче, жарылуу болгон учурда автоунаа шаардагы тогузунчу полиция окуругунун аймагында кетип бараткан

Кол салуу үчүн жоопкерчиликти эч ким өзүнө ала элек.

Ал ортодо Дайкунди чөлкөмүндө талибдер текшерүү пунктуна кол салып, кеминде 8 жоокер окко учту. Бул тууралуу губернатор Анвар Рахмати билдирди. 24-ноябрда ал жерге кошумча аскерлер барып, атышууда 20 жоочу жок кылынды. Ал кол салууну талибдер уюштурганын кыймылдын басма сөз өкүлү Кары Юсуф Ахмади билдирди. Ошондой эле согушкерлер курал-жарак, ок-дары алып кетишкенин кошумчалады.

XS
SM
MD
LG