Аэропортто Кыргыз Республикасынын жана Казакстан Республикасынын мамлекеттик желектери илинип, ардактуу кароол тизилип турду.
Мамлекеттик визиттин алкагында эки өлкөнүн президенттери жолугушуп, кызматташтыктын актуалдуу маселелери тууралуу сүйлөшөт. Ошондой эле эки коңшу мамлекеттин Жогорку мамлекеттер аралык кеңешинин 5-жыйыны өтүп, жыйынтыгында бир катар эки тараптуу документтерге кол коюлат. Азырынча кыргыз президентинин аппараты анда кандай документтерге кол коюларын билдире элек.
Казакстан президентинин мамлекеттик визитинин алкагында мамлекет башчылары «Ата-Бейит» тарыхый-мемориалдык комплексине жана Чыңгыз Айтматовдун үй-музейине барышат.
Мындан тышкары, Касым-Жомарт Токаев 28-ноябрда Бишкекте өтө турган ЖККУнун кезектеги отурумуна катышат.
Быйыл 9-июнда өткөн президенттик шайлоодо атаандаштарын жеңип чыгып, Казакстандын өлкө башчысы болуп шайлангандан кийин Токаев ошол эле июнь айында Бишкекте өткөн ШКУнун жыйынына катышкан. Кыргызстанга мамлекеттик сапары менен биринчи жолу келиши.