Якубовдун туугандары ал 27-ноябрда 79 жаш курагында Жизак облусундагы үйүндө көз жумганын, акыркы айларда төшөктө жатып калганын айтышты.
Өзбекстандын адам укуктары коомунун негиздөөчүсү 2005-жылы Анжиянда болгон кандуу окуялардан кийин активисттер менен укук коргоочуларга каршы башталган куугунтук маалында өлкөдөн кетүүгө мажбур болгон. Өзбек бийлиги аны 2014-жылы жарандыктан ажыраткан.
2006-жылы Өзбекстанда Якубовго жасалма кылмыш иши козголгон. Ал Францияда баш калкалап жүргөндө уюмун каттоодон өткөрүп, укук коргоочулук ишин уланткан. Анын мекенине кайтып келишине былтыр августта уруксат берилген.