— Газдын жетишсиздигине байланышкан нааразылыктар мамлекеттик органдарга каршы массалык каршылыктарга өсүп кетүүсүн алдын алуу үчүн чаралар көрүлө баштады. Ташкентте министрликтердин алдында атайын топтор түзүлдү. Алар Ферганага 1-2 күндүн ичинде келишет, — деп билдирди булак.
1-декабрда Каракалпакстандагы Элликкала районунун тургундары газдын жетишсиздигине нааразылык билдирип жол жабышкан.
Ошол эле күнү Фергана шаарындагы Баркамол маалесинин жашоочулары газдын жоктугун айтып калаа акимчилигинин алдына чогулушкан.
Өткөн жумада ушул эле маселе боюнча нааразылык билдирген жарандар Анжиянда жана Нукуста жол тосушкан.
Жарандардын мындай аракеттеринен кийин аймактарда газдын басымы бир аз жогорулаганы кабарланган.