Ссылки доступа

Карасартова: сындаганды да, иштегенди да билиш керек (жыйнак)


ММКлар бул маалыматтарды каалагандай колдоно алышат. Каалоочуларга видеотасмалардын түп нускасын да жиберебиз. Директ топтомунан дагы керек болгон видеолорду пайдалануу мүмкүнчүлүгү берилүүдө.

- Көмүскө акча ташыгандар кербени. Жылдар бою нак акча ташыгандардын түйүнү миллиондогон долларды Кыргызстандан мыйзамсыз чыгарып турган. Көмүскө акча агымы коррупцияны күчөтүп, мамлекеттик казынага зыян келтирип, адам өлүмүнө да себепчи болуп келет. Бул система кандай иштейт, ким калкалайт? (видео)

- Карасартова: сындаганды да, иштегенди да билиш керек. (видео)

- «Баламдын басарына ишенем». Расмий маалыматтарга караганда Кыргызстанда 30 миң майып бала бар. Алардын бири төрт жаштагы Амир шал оорусуна кабылган. Амирди апасы Жазгүл Жаркынбаева Бишкек шаарында батирде жашап багып келатат. Ал үч ай мурда өзүндөй майып балдары бар энелердин башын кошуп тейлөө кызматын түзгөн. Алар үй тазалап, балдарынын муктаждыктары үчүн каражат таап жатышат.​ (видео)

- Орусиядан ордун тапкан кыргыз эжей. (видео)

- «Озоди« радиосунун репортажынан кийин Саодат Хожаеванын жашоосу өзгөрдү. Майыптыгына карабастан буту менен тигүүгө үйрөнгөн Восей районунун тургуну Саодат Хожаева «Озоди» радиосунун репортажынан кийин жашоосу толугу менен өзгөргөнүн билдирди. (Тажикстандан видео)

- Борбор Азиядагы кайсыл өлкөнүн абасы тазараак: борбор шаарларды салыштырабыз. (Настоящее время)

- Тажикстанда жарандар туугандары жөнөткөн акчаларды ала албай жатышат. (сүрөт баян)

- Алматы кантип латындаштырылууда? (сүрөт баян)

- Каракалпакстандын дагы бир районунда адамдар газдын жоктугуна каршылык билдирип жол жабышты​. (Өзбекстандан видео)

- Дүйнө энергетикасы алдыдагы 20 жылда кандай өзгөрөт? (инфографика)

- Консерваторлор Бишкектеги феминнале көргөзмөсүн жабууну талап кылууда. (видео Директ)​

- Мира Жангарачева: Акыркы күндөрү мага көптөгөн коркутуулар болгон. (видео Директ)​

- Душанбеде кылмыш иликтөө башкармалыгынын жетекчи орун басары кыйноого айыпталууда. Ага каршы 17 адам көрсөтмө берди. (Тажикстандан видео)​

- Курманбек Бакиевдин небересинин Минск шаарындагы бизнеси. (видео Директ)

- Тажикстандыктар Армениядагы пахта өндүрүшүн жандандырышууда. (видео Директ)

- Дипфейктер деген кимдер жана аларды эмнеге коркунучтуу деп эсептешет? (видео Директ)​

- Кара түтүн каптаган Түркстан. (сүрөт баян)

- "Колум жок, бутум менен тигем". Бала күндөн бери ал көп ишти бутунун жардамы менен жасоого үйрөнгөн. Тажикстандагы үч баласын өз алдынча багып чоңойткон майып эне. (видео)

- Кыргызстандан 700 миллион доллар чыгарган Айеркен Саймаитинин окуясы. («Азаттык», Kloop жана OCCRP иликтөөсү​)

- Матраимовдун миллиондук мүлкү. Дубайда Райымбек Матраимовдун аялына бир нече кыймылсыз мүлк катталган. Жалпы баасы 12,5 млн. долларлык эки жер тилкеси жана кымбат баадагы батир Матраимов Бажы башчысынын орун басары болуп турганда алынган. Бирок бул мүлк анын декларациясында көрсөтүлгөн эмес. (видео)

«Терроризм индекси»: Казакстан жана дүйнө. (инфографика)

- ВИЧ-инфекциясына каршы дары-дармектер кандай өзгөрдү? (видео Директ)​

УРМАТТУУ КЕСИПТЕШТЕР! ТЕЛЕЖАҢЫЛЫК, КӨРСӨТҮҮ, САЙТ ҮЧҮН КӨЧҮРҮҮГӨ МҮМКҮН БОЛГОН, ЖЕТКИЛИКТҮҮ МИҢДЕГЕН АУДИО- ВИДЕОМАТЕРИАЛДАР МЕНЕН ТААНЫШЫП АЛЫҢЫЗДАР. АЙРЫМДАРЫНЫН ЛОГОТИБИ ЖОК.

XS
SM
MD
LG