Капитан Файзулло Рахимов кызмат абалынан кыянат пайдаланууга, ыйгарым укуктарынан аша чабууга айыпталууда.
Чек ара офицеринин күнөөсү аныкталса, 5 жылдан 8 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн. Жоокер Хусниддин Тохиров өз өмүрүн кыюуга аракет жасагандан кийин Файзулло Рахимовго кылмыш иши козголгон.
«Капитан Файзулло Рахимов катардагы жоокер Тохировго 1000 сомони (100 доллар) берип, чабандардан эки кой сатып келүүнү буюрган. Бирок акча бир гана кой сатып алууга жеткен. Ал Файзулло Рахимов менен телефон аркылуу сүйлөшкөндө капитан жоокерди тилдеп, өч аларын айткан. Хусниддин Рахимов офицердин каарынан коркуп, Кулябдагы базардан уксус сатып алып, ичип алган», – деди аскер прокуратурасындагы өз булак.
22 жаштагы Хусниддин Тохиров аскерге жазында чакырылган. Учурда ал Кулябдагы ооруканада дарыланууда. Ал өзү журналисттер менен сүйлөшүүдөн баш тартты.
«Жарандык эркиндик кеңсеси» уюму билдиргендей, 2019-жылдын биринчи жарым жылдыгында армияда кордук көргөн жоокерлердин туугандарынан төрт арыз түшкөн.