Ссылки доступа

Мунайчылар Жаңы-Өзөн окуяларынын курмандыктарын эскерүү иш-чарасын өткөрүштү


8-декабрда Казакстандын Жаңы-Өзөн шаарындагы мечитте «Озенмунайгаз» компаниясынын «Оңдоп-бургулоочу иштер башкармалыгынын» мунайчылары 2011-жылдагы окуялардын курмандыктарын эскерүү иш-чарасын өткөрүштү.

Ага 2011-жылкы Жаңы-Өзөн окуяларында курман болгон жана жаракат алган мунайчылардын туугандары жана окуянын күбөлөрү катышты.

Жаңы-Өзөн окуяларына катышкан Шолпан Утекеева эскерүү иш-чарасында топтолгон акча курман болгондордун туугандарына бөлүштүрүлүп берлигенин билдирди.

2011-жылдын 16-декабрында Казакстандын батышындагы Жаңы-Өзөн шаарында мунайчылардын узакка созулган иш таштоосу кагылышуу менен аяктап, коопсуздук күчтөрүнүн огунан 16 адам мерт кетип, жүздөн ашуун киши жаракат алган. «Жапырт башаламандыкты уюштурган» деген айыптын негизинде 17 адам эркинен ажыратылып, дагы 16сы шарттуу түрдө кесилген. Алар тергөө маалында кыйноого, кысымга кабылганын маалымдашкан.

Эл аралык демократиялык коомчулук казак өкмөтүнүн бул аракетин сынга алып, окуяны адилеттүү иликтөөгө чакырышкан.

Учурда Жаңы-Өзөн окуясы боюнча соттолгондордун бардыгы эркиндикте. Айрым жарандык активисттер адамдарга каршы ок атуу буйругун бергендер жоопко тартылбаганын айтып келишет.

XS
SM
MD
LG