Маалыматка караганда, Чилинин Антарктидадагы базасына бараткан учактын ичинде экипаждын 17 мүчөсү жана 21 жүргүнчүсү болгон. Ал Пунта-Аренас шаарынан асманга көтөрүлгөндөн бир саат он беш мүнөттөн кийин радардан көрүнбөй калган.
Диспетчерлер жети саат бою экипаж мүчөлөрү менен байланышууга аракет кылышкан. Бирок тажрыйбалуу учкуч башкарып бараткан учактан эч кандай SOS-сигналдар келген эмес.
Учурда аскер кызматкерлери менен куткаруучулар учак менен байланыш үзүлгөн аймакта издөө иштерин жүргүзүп жатышат.