Ссылки доступа

Багдадда демонстранттар 16 жаштагы өспүрүмдү өз алдынча жазалашты


Багдадда демонстранттар нааразылык акциясынын катышуучуларына ок атты делген 16 жаштагы өспүрүмдү сабап өлтүрүштү. Жергиликтүү басылмалар билдиргендей, жоон топ киши баланы тепкилеп, сүйрөп, денесин жолчырак мамысына асып кетишкен.

Интернетте тараган видеодо көптөгөн кишилер өлгөн баланын фонунда селфи жасап жатканын көрүүгө болот.

Нааразылык акциянын катышуучулары өспүрүм Багдаддагы демонстранттардын лагерине кол салгандардын арасында болгонун билдиришти. Буга чейин полиция баланын ата-энесинин үйү да өрттөлгөнүн маалымдаган.

Бирок кийинчерээк демонстранттар бул окуяга катышы бар экенин четке кагышып, баланы чоочун эле адамдар жазалаганын айтышты.

Күн мурун Багдаддын борборундагы Тахрир аянтында белгисиз кишилер демонстранттарга ок аткан. Алты киши өлгөн. АКШнын Ирактагы элчилиги жана ЕБ өкүлчүлүгү митингчилерге каршы катаал мамилени сындашкан.

Өткөн аптада Тахрир аянтында куралдуу кишилер демонстранттарга чабуул жасап, бери дегенде 50дөй кишини өлтүргөндөн кийин күч түзүмдөрү митинг катышуучуларынын коопсуздугун камсыздоого жоопкерчилик алган. Манифестанттарды коргоо жана тартипти камсыздоо үчүн аянтка кошумча полиция бөлүктөрү жайгаштырылган.

Иракта бийликке каршы демонстрациялар 1-октябрда башталган. Көчөгө чыккандар коррупцияга, жумушсуздукка, электр энергиясы менен суунун улам-улам өчүрүлгөнүнө нааразы болуп жатышат. Демонстранттар жаңы өкмөт курап, парламентти таратып, мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрүнү талап кылышууда. Акыркы маалыматтар боюнча өлгөндөрдүн саны 510 кишиден ашты, 21 миңдей адам жаракат алды.

Иракта парламент 2-декабрда премьер-министр Адел Абдел Махдинин отставкасын кабыл алган. Бирок демонстранттар өкмөттү толук таркатууну талап кылууда.

XS
SM
MD
LG