Ссылки доступа

Тажик бийлигин оппозициячылардын туугандарына карата кысымды токтотууга чакырышты


Фатхуддин Саидмухиддинов
Фатхуддин Саидмухиддинов

Европадагы эки укук коргоо уюму тажик бийлигин чет өлкөдө жашаган оппозиционерлердин туугандарына карата кысымды токтотууга чакырды.

Норвегия-Хельсинки комитети менен Борбор Азиядагы адам укуктары ассоциациясынын биргелешкен билдирүүсүндө Тажикстандын бийлиги чет өлкөдө жашаган оппозиция өкүлдөрүнүн туугандарын кысымга алып, каршылаштарынын оозун жабууга аракет кылып жатканы белгиленген.

— Тажик бийлиги Европада жашаган оппозициячы Фатхуддин Саидмухиддиновдун Тажикстандагы туугандарын суракка алып, кысым көрсөтүүдө. 26-ноябрда күч кызматкерлери анын 77 жаштагы атасын жана туугандарын суракка чакырып, Фатхуддин мекенине кайтып келип, кылганына жооп бериши керектигин айтышкан, — деп жазылган билдирүүдө.

Фатхуддин Саидмухиддинов «Фейсбуктагы» баракчасына тажик өкмөтүнүн саясатын сындаган пикирлерин жазып келет. Анын айтымында, мекенинде ага каршы кылмыш иши козголгон. — Мен Тажикстандагы же чет өлкөдөгү бир дагы саясий партиянын мүчөсү эмесмин. Кайсыл берене боюнча кылмыш иши козголгонун да билбейм, бирок мага каршы көрсөтмө бергендер терроризмге жана экстремизмге айыпташкан, — деди ал.

Быйыл сентябрда Тажикстанда тыюу салынган Ислам кайра жаралуу партиясынын мүчөсү Махмуджон Файзрахмон ЕККУнун жыйынында тажик өкмөтүн сындагандан кийин апасы менен эки тууганы суракка чакырылганын билдирген.

XS
SM
MD
LG