- Мадумаров чырдан жабыркагандарга жолукту. 18-декабрда Баткен районунун Көк-Таш айылында кыргыз-тажик чек арасында чыккан чырдан кыргыз тараптан баш-аягы тогуз адам жараат алды. Анын ичинде Ички иштер министрлигинин (ИИМ) ички аскеринин бир кызматкерине жана Баткендин Самаркандек айылдык кеңешинин депутатына да ок тийген. Жараат алгандардын арасында дагы бир милиция кызматкери жана үч жайкын тургун бар. (видео)
- "Сөз эркиндигин жок кылууга жол бербейбиз". Жарандык коомдун өкүлдөрүнөн турган топ бул жолу коррупцияга жана сөз эркиндигин муунткан аракеттерге каршы «REакция 2.0» аттуу акцияга чыгышты. Бишкектин Ала-Тоо аянтында «REакция 2.0» деген тынчтык митинги экинчи жолу өттү. (видео)
- Парламент Бекназаровдун талапкерлигин жактырды. Жогорку Кеңештин тиешелүү комитети Кыргызстандын Малайзиядагы элчилигине саясатчы Азимбек Бекназаровдун талапкерлигин жактырды. Депутаттар Бекназаровдун саясий тажрыйбасын эске алуу менен кызматка дайындоого макул болгонун билдиришти. Буга чейин бийликке бир катар талаптарды коюп келген саясатчы бийлик анын талабына көнгөн үчүн кызматка баратканын айтууда. (видео)
- Жарандык коом сөз эркиндигин коргоп чыкты. (сүрөт баян)
- Матраимовдун туугандарынын сааттары жана зер буюмдары канча турат? Кыргызстан журналисттеринен фактчек. ( Настоящее время)
- Орусияда эмгек мигранттарына мамиле кандай? (видео Директ)
- Азия 360: Хоженттеги короз уруштуруу. (видео Директ)
- Душанбенин тургуну: мени хижаб үчүн кармап, милицияда кемсинтишти. (Тажикстандан видео)
- Кыргызстандагы Путиндин эстелиги. (видео)
- Эмнеге түркмөн президентинин кылыктары — күлкүлүү эмес? Чет өлкөлөрдө Түркмөнстан жана анын президенти жөнүндө көп тамашалар айтылат: Гурбангулы Бердымухамедов жарыш автоунаасын айдап, гитара менен ырдап, аскерлерди ок атууга үйрөтүп, чай жана асыл тукум иттер жөнүндө китептерди жазат. Бош убактысында мамлекетти башкарууга жетишет. Бирок өлкөдө адамдын күлкүсүн келтирбей турган көйгөйлөр көп. (Настоящее время)
- Укук коргоочулар президенттен Сирия менен Ирактагы адамдарды кайтарып келүүнү өтүнүштү. (Кыргызстандан видео)
- Алматыда дагы бир көп кабаттуу үйдүн бир капталга жантайып калганы аныкталды. (Казакстандан видео)
- Цойдон джазга чейин: кыргызстандык музыкант кантип Орусияны багындырууда? (Настоящее время)
- Учурда дүйнө боюнча кеминде 250 журналист камакта отурат. Бул тууралуу эл аралык «Журналисттерди коргоо комитетинин» (CPJ) баяндамасында жазылган. (инфографика)
- Өзбекстандык оппозиционер эмне себептен өлкөнүн жаңы президентинен көңүлү калганын айтты. (Настоящее время)
- Гонконгдо өкмөткө каршы акциялардын башталганына жарым жылдан ашты. (сүрөт баян)
- «Журналисттик иликтөө»: «Жасалма документтердин фабрикасы». Швецияда жүздөгөн чет өлкөлүк өтө оор шарттарда иштеп жүргөнү аныкталды. (видео)
- Алматы кантип латындаштырылууда? (сүрөт баян)
- БУУнун талаптары — Орусия аскерлерин чыгарып, Крымды кайтарып бериши керек. (видео Директ)
- Ашхабад 2020-жылдын алдында. (сүрөт)
- «Терроризм индекси»: Казакстан жана дүйнө. (инфографика)
- Mail.ru Group өзүнүн бирдиктүү видеосервисин түзөт. (видео Директ)