Ссылки доступа

Ташкенттеги «Абу-Сахий» базарынан патент менен иштеген соодагерлер чыгарылууда


«Абу-Сахий» базары.
«Абу-Сахий» базары.

Ташкенттеги «Абу-Сахий» базарынын жетекчилиги өрт коопсуздук эрежелерин камсыздоо максатында 100гө жакын соодагер менен түзүлгөн келишимди убактылуу токтотту.

Айрым ишкерлердин айтымында, базар жетекчилиги аларга жаңы соода жайларын берүүдөн баш тартууда. 29 жаштагы соодагер Каклик Олтиева «Абу-Сахий» базарынын жетекчилиги анын туруктуу соода ордун алып коюп, жаңысын бербей жатканын билдирүүдө.

— Алар мен сурап жаткан жер өрт коопсуздук эрежелерине туура келбейт деп жатышат. Бирок ал жер менен базар дарбазасынын ортосундагы аралык үч метрди түзөт. Ал жерде соода кылса болот. Бирок базар жетекчилиги түрдүү себептерди ойлоп таап жатат. Буга чейин мен аларга даттанып Ташкенттин мэрине кайрылгам, ошондуктан алар мага соода жайын бербей жатышат, — деди ал.

Өз кезегинде базар жетекчилиги Олтиева сураган жер өрт өчүрүү унааларынын өтүүсүнө тоскоолдук кыларын, ал сунушталган башка соода орундарынан баш тартып жатканын билдирүүдө.

Ишкердин айтымында, «Абу-Сахийдин» жетекчилиги патент менен иштеген соодагерлерди базардан чыгарып, алардын ордун патенти жок 62 адамга берип койгон.

Базардагы дүкөндөрдүн бирине ээлик кылган Фазлиддин аттуу ишкердин айтымында, соодагерлердин көбү базар жетекчилиги менен сүйлөшүп алып, патентсиз иштөөгө өтүшкөн.

— Бул арзаныраак болот. Ошондуктан соодагерлердин көбү патент албайт жана юридикалык жак катары эсептелбейт, — деди ал.

Өзбекстандагы эң ири базарлардын бири эсептелген «Абу-Сахийдин» аталышы 2017-жылы декабрда «Ташкент жибек жолу» деп өзгөтүлгөн. Учурда «Ташкент соода борбору» деп аталат.

Буга чейин өлкө башчы Шавкат Мирзиёев мамлекеттик бюджет «Абу-Сахий» базарынан ондогон миллион доллар киреше албай калганын, ал каражат чет өлкөгө чыгарылып кеткенин билдирген.

XS
SM
MD
LG