Алардын айтымында, ачкачылык жарыялагандар «Митинг уюштуруу жана өткөрүү тартиптерин бузуу» беренеси менен соттолгон бардык адамдарды бошотууну талап кылып жатышат.
Алматы шаардык полиция департаментинин басма сөз катчысы Евгений Лысенко камактагылардын ачкачылык жарыялагандыгы тууралуу маалыматты «ырастабай турганын» билдирди.
16-декабрда – Казакстанда 2011-жылдагы Жаңы-Өзөн жана 1986-жылдагы декабрь окуяларынын курмандыктарын эскерүү иш-чарасынан кийин полиция ондогон активистти кармаган. Алардын айрымдарын акция башталганга чейин эле үйлөрүнөн алып кетишкен.