БУУнун маалыматына караганда, Орусиянын аскердик аракеттеринен улам 16-декабрдан тарта, Идлиб провинциясынан он миңдеген кишилер көчүп кетүүгө аргасыз болушту. Адам укуктарына байкоо жүргүзүү боюнча сириялык борбор бул убакыт аралыгында аба соккуларынан жана артиллериялык чабуулдардан 80дей карапайым киши өлгөнүн билдирди.
Өткөн аптанын экинчи жарымында жихадчылар менен болгон салгылаштан кийин Асаддын аскерлери Идлибдеги ондогон шаарларды жана айылдарды өз көзөмөлүнө каратты.