Ссылки доступа

Алматыда RBK банкынан ири өлчөмдө акча уурдоо иши боюнча сот башталды

26-декабрда Алматыда RBK банкындагы уурулук иши боюнча соттук териштирүү башталды.

Бул иште 37 айыпталуучу, алардын ичинде Орусиядан быйыл экстрадиция болгон мурдагы банкир Жомарт Ертаев, мурдагы банкир Бахыт Ибрагим, мурагы премьер-министрдин күйөө баласы жана президенттик администрациянын экс-жетекчиси, Алматынын акими Бакытжан Сагинтаев да бар.

Соттолуучулардын көбү кайтарымсыз насыя берүү аркылуу акча уурдоого айыпталышууда. Тергөөнүн маалыматына караганда, банк 143,3 миллиард теңге (376,7 миллион доллар) зыян тарткан.

Буга чейин Ертаев 2011-2017-жылдар аралыгында RBK банкынан 144 миллирд теңге (390 миллион доллар) уурдоого шектелип жатканы айтылган. Прокуратура анда аны менен кошо 54 киши, анын ичинде 41 банк кызматкери айыпталып жатканын билдирген. Ертаев RBK эч качан иштебегенин маалымдоодо.

Былтыр күзүндө орусиялык ЖМКлар Жоомарт Ертаевдин өзүнө шилтеме кылып, Москва аны Казакстанга өткөрүп берүүдөн баш тартканын жазышкан. Бирок кийинчерээк Орусиянын Башкы прокуратурасы аны Казакстанга экстрадициялоого макулдук бергени белгилүү болгон. Бизнесмендин адвокаттары прокуратуранын бул чечимин жокко чыгарууга аракет жасашкан, бирок соттук инстанциялар чечимди «негиздүү» деп табышкан.

XS
SM
MD
LG