Ссылки доступа

БШК Шыкмаматовдун депутаттык укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту

Борбордук шайлоо комиссиясынын 27-декабрдагы маалыматына караганда, берген арызынын негизинде “Ата Мекен” парламенттик фракциясынан депутат Алмамбет Шыкмаматовдун ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулду.

Боршайкомго арыз жазганын Шыкмаматов бүгүн жарыялады.

Ал депутаттыктан кетүүнү чечкенин, “Ата Мекен” партиясынан да биротоло чыкканын, лидер Өмүрбек Текебаев менен мамилеси бузулганын, бирок саясаттан кетпей турганын билдирди.

Өмүрбек Текебаев Шыкмаматовдун бүгүнкү билдирүүсү боюнча азырынча комментарий бере элек.

Бул арада Алмамбет Шыкмаматовдун ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулганына байланыштуу мандат депутаттыкка талапкерлердин тизмесиндеги кезектүүлүк боюнча кийинки талапкер Нурбек Сыдыгалиевге өткөрүлүп берилгени белгилүү болду.

XS
SM
MD
LG