Ливиянын Улуттук биримдик өкмөтү жоопкерчилик генерал Халиф Хафтардын “Ливиянын улуттук армиясынын” мойнунда экенин билдирди.
Ливияда 2011-жылы диктатор Муаммар Каддафи бийликтен кулатылгандан бери ич ара согуш токтобой келет.
Улуттук биримдик өкмөтү БУУнун арачылыгы менен 2016-жылы түзүлгөн. Триполини көзөмөлдөгөн бул өкмөт өлкөнүн чыгыш аймактарын колуна алган генерал Халифа Хафтар жетектеген "Ливиянын улуттук армиясы" менен тирешип жатат.
2019-жылы Хафтар Триполини курчоо башталганын билдирген. Аны Орусия, Франция, Египет жана Бириккен Араб Эмираттары колдойт.