Ссылки доступа

Тажикстанда «Мусулман агайыңдар» кыймылынын мүчөсү деген шек менен 27 адам кармалды


Тажикстанда тыюу салынган «Мусулман агайыңдар» кыймылынын мүчөсү деген шек менен 27 адам кармалды. Бул тууралуу «Азаттык» радиосунун тажик кызматы укук коргоо органдарындагы өз булактарына таянып билдирди.

Маалыматка караганда, шектүүлөрдү кармоо операциялары январдын алгачкы күндөрү Душанбеде, Согди жана Хатлон облустарында жүргүзүлгөн. Кармалгандардын арасында жогорку окуу жайлардын мугалимдери жана айылдык кеңештердин биринин башчысы бар.

Шектүүлөрдүн биринин тууганы билдиргендей, колго түшүрүү маалында анын үйүндө тинтүү болуп, бир нече диний китептер алынган.

Азырынча өлкөнүн Башкы прокуратурасы кармалган адамдарга айып коё элек.

Тажикстанда «Мусулман агайыңдар» кыймылынын ишмердүүлүгүнө 2006-жылы тыюу салынган. 2016-жылы бул уюмга тиешеси бар жана өспүрүмдөрдү Сириядагы согушка азгырган деген шек менен өлкөнүн түндүгүндө беш имам кармалып, ар бири беш жылдан эрктеринен ажыратылган.

«Мусулман агайыңдар» - эл аралык диний-саясий уюм, 1928-жылы Египетте түптөлгөн. Бир нече өлкөдө мыйзамдуу саясий күч болуп саналып, парламентте өкүлдөрү бар. Ошол эле маалда бир катар өлкөлөрдө бул уюмга тыюу салынган.

XS
SM
MD
LG