Анын айтымында, полициячылар дүкөн ээлерине мөөнөтү өтүп кеткен товарлар мамлекеттин пайдасына алынарын эскертишүүдө.
— Полиция кызматкерлери жарактуу мөөнөтү өтүп кеткен товарларды сатууга уруксат берүү үчүн дүкөн ээлеринен 2 миң манаттан пара сурап жатышат. Расмий курс боюнча бул 570 долларга, көмүскө базардагы курс боюнча 105 долларга барабар, — деди кабарчы.
Экономикалык кыйынчылыктарды баштан кечирип жаткан Түркмөнстандын аймактарында акыркы жылдары мөөнөтү өтүп кеткен товарларды сатуу кадыресе көрүнүшкө айланган.