Маалыматтарга караганда, учактын ичиндеги адамдардын бардыгы мерт болду. Кырсыктын болжолдуу себеби катары техникалык мүчүлүштүктөр айтылууда.
Ирандын IRNA мамлекеттик маалымат агенттиги учакта 167 жүргүнчү жана тогуз экипаж мүчөсү болгонун билдирди. Учактардын учуусуна көз салган Planespotters сайтынын маалыматына караганда, учактын пайдаланыла баштаганына төрт жылга жете элек болчу.
Ирандын жарандык авиация уюмунун расмий өкүлү Реза Жафарзаде «Украинанын эл аралык аба жолдору» компаниясына таандык Боинг 737-800 учагы кулап түшкөн жерде куткаруучулар тобу иштеп жатканын билдирди.
«Украинанын эл аралык аба жолдорунун» сайтындагы маалыматка ылайык, Тегеран — Киев багытындагы PS752 каттамы жергиликтүү убакыт боюнча таңкы саат 5:15те учкан. Азырынча бул боюнча компаниядан комментарий алууга мүмкүн боло элек.