Ссылки доступа

Америкалык режиссер Айсулуу Тыныбекова жөнүндө документалдык тасма тартты (видео)


Айсулуу Тыныбекова

Америкалык режиссер Рейчел Сайн кыргыз балбаны Айсулуу Тыныбекова жөнүндө документалдык тасма тартты. Бул тууралуу «Азаттыкка» Күрөш федерациясынын вице-президенти Байгазы Кенжебаев билдирди.

Анын айтымында, режиссер акыркы эки жылдан бери Тыныбекованы машыгууларында жана мелдештерде коштоп жүргөн.

— Ал Айсулуунун машыгууларын, жеке жашоосун тартып, дүйнө биринчилигинде биз менен чогу жүргөн. Бул Айсулуунун жашоосу, балалыгы, үй-бүлөсү жана спорттогу жетишкендиктери тууралуу тасма. Азырынча премьерасы качан болорун билбейбиз. Менин оюмча, жаштарды шыктандыра турган тасма болот, — деди Кенжебаев.

6-январда Биргелешкен күрөш дүйнөсүнүн версиясы боюнча Айсулуу Тыныбекова мыкты балбан кыздардын рейтингинде биринчи орунга жайгашканы белгилүү болгон.

2019-жылы 20-сентябрда Айсулуу Тыныбекова Нур-Султан шаарында өткөн күрөш боюнча дүйнө биринчилигинде алтын медалга ээ болгон. Финалда ал Болгариялык спортчу Тайбе Мустафа Юсейинди 5:3 эсебинде жеңип алган. Бул мелдештин жарым финалындагы жеңиши менен Тыныбекова 2020-жылы Токиодо өтө турган Олимп оюндарына жолдомо уткан.

Видео

XS
SM
MD
LG