Ссылки доступа

Өзбекстан менен Тажикстандын өкмөт башчылары чек араны ачуу маселесин талкуулайт


Соода-экономикалык жана социалдык-маданий кызматташтык боюнча өзбек-тажик өкмөттөр аралык комиссиясынын кезектеги жыйыны 28-29-сентябрь күндөрү өтөт. Бул тууралуу «Азия-Плюс» сайты тажик өкмөтүндөгү өз булактарына шилтеме кылып билдирди.

Өкмөттөр аралык комиссияга эки өлкөнүн премьер-министрлери Кохир Расулзода менен Абдулла Арипов теңтөрагалык кылышат.

Маалыматка караганда, жыйындын жүрүшүндө коронавирустан улам марттын ортосунда жабылган эки өлкө ортосундагы чек араны ачуу жана аба каттамдарын калыбына келтирүү маселелери талкууланат.

Мындан тышкары өлкөлөр ортосундагы соода-сатык көлөмүн көбөйтүү, инвестициялык долбоорлорду кайра карап чыгуу, ошондой эле транспорт жана коммуникация тармагындагы байланыштарды кеңейтүү маселелери каралат.

Булактын айтымында, тараптар Тажикстандан Өзбекстанга жеткириле турган электр энергиясынын жана Өзбекстандан Тажикстанга жеткириле турган жаратылыш газынын көлөмү жана баалары боюнча макулдашууга келишет деп күтүлүүдө.

XS
SM
MD
LG