Ссылки доступа

Казакстандык блогер Маргулан Боранбай үй камагына чыкты


Алматынын райондор аралык тергөө соту активист-блогер Маргулан Боранбайдын бөгөт чарасын карап, аны үй камагына чыгарды. Бул тууралуу анын адвокаты Ануар Байдаров билдирди.

«Мен аймактан чыкпоо тууралуу колкаттын негизинде бошотууну талап кылгам. Прокурор аны үй камагы менен чектөө мүмкүн деп тапты», — деди Байдаров.

Маргулан Боранбай «Улут аралык кастыкты козутуу» жана «Бийликти күч менен басып алууга үгүттөө» беренелери боюнча шектелип, 2-октябрда Алматы шаарындагы убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.

Анда адвокат бийликти күч менен басып алуу чакырыгына байланышкан айыптоо Боранбайды камакка алуу үчүн атайын ойлоп чыгарылганын билдирген. Бул беренеде күнөөлүүлөр үчүн жети жылга эркинен ажыратуу же ушундай эле мөөнөткө эркиндигин чектөө жазасы каралган.

Алматы шаардык полиция департаментинин басма сөз кызматы Боранбай бул беренелер боюнча шектүү деп табылганын, анын алкагында тиешелүү экспертизалар жүргүзүлгөнүн билдирген.

Маргулан Боранбай социалдык түйүндөргө улутчул-патриоттук мүнөздөгү билдирүүлөрдү жазып келгендиги менен белгилүү.

Анын Youtube сервисиндеги акыркы блогу эне тилинде сүйлөбөгөн казактарга арналган.

Видео

Видео

Митингде көздөн айрылгандар
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:04:35 0:00
XS
SM
MD
LG