«Эхо Москвы» радиосу пикеттер калаанын борбордук бөлүктөрүндө өткөнүн билдирди. Катышуучулар колдоруна президент Владимир Путинди сындаган плакаттарды жана көк түстөгү ич кийим (иликтөөдө уу Навальныйдын ич кийимине себилгени айтылган) кармап чыгышкан.
Маалыматтарга караганда, акция катышуучуларынын эч кимиси кармалган жок. Бирок полиция кызматкерлери алардын жеке маалыматтарын жазып алып, коронавируска байланыштуу киргизилген «жогорку даярдыктагы режимди» бузуу үчүн жоопкерчилик каралганын эскертишти.
Активисттер ишемби күнү да Петербургдагы ФСБ имаратынын алдында акция өткөрүшкөн. Алар имараттын кире беришиндеги тепкичке ала келген кийим-кечелерди таштап кетишкен. Акция тууралуу билдирүүдө кийимдер ФСБга «жуудуруу үчүн» алып келингени айтылган. Навальныйдын иликтөөсүндө атайын кызматтын өкүлү делген Константин Кудрявцев «Новичок» затынын издерин кетирүү үчүн оппозициячынын ич кийимин жууганын айткан.
Буга чейин Навальныйды колдогон пикеттер Владивостокто, Уфада жана башка бир нече шаарда өткөн.