Анын айтымында, «кайра тарбиялоо лагеринде» ал бир нече жолу уруп-согуу жана топтошуп алып зордуктоо учурларына кабылган. Жарандык кийимчен күзөтчүлөр түнкүсүн аялдарды видеобайкоо камералары жок бөлмөлөргө алып кирип зордукташкан.
Аталган жайда 18 ай камакта болгон дагы бир аял бир нече жолу зордуктоо учуруна күбө болгонун билдирди. Айтымында, ал аялдарды зордукчуларга даярдап берүүгө мажбурланган: аларды чечинтип, колдорун таңып, эркектер бөлмөдөн чыккандан кийин ал жерди тазалап, аялдарды жуунтуп турган.
«Лагерлерде» аялдар системалуу түрдө зордукталарын басылманын дагы бир маектеши ырастады. Ал андай жайлардын биринде кытай тили мугалими болуп иштечү. Анын айтымында, зордуктоо маалында аялдарды электр тогу менен кыйнаган учурлар да болгон.
«Лагерде» иштеген дагы бир мугалим полиция кызматкерлери 20 жаштагы кызды зордуктаганын өз көзү менен көргөнүн билдирди. Анын айтымында, Кунес аймагындагы «лагерде» аялдарды дары-дармек ичүүгө жана анализге биоматериалдарды тапшырууга мажбурлашкан. Аларга ар 15 күн сайын белгисиз «вакцина» сайып, андан кийин аялдар уйкусурап, кускусу келчү.
«Би-Би-Сиге» «лагерлердеги» зордук-зомбулук жөнүндө айтып берген аялдардын арасында Кытайдан качып чыгып, Швециядан башкалка алган шинжаңдык казак Сайрагүл Саутбай да бар.