Ссылки доступа

Тажикстанда селден алты киши каза болду (видео)


Куляб шаарындагы сел. 11-май 2021-жыл
Куляб шаарындагы сел. 11-май 2021-жыл

11-майда Тажикстандын бир нече районундагы селден алты киши каза болду. Бул тууралуу өлкөнүн Өзгөчө кырдаалдар жана жарандык коргонуу комитети кабарлады.

Мекеменин маалыматына караганда, Куляб шаарында эки, Шамсиддин Шохин районунда үч жана Гиссар шаарында бир киши көз жумду.

«Каза болгондордун сөөктөрүн куткаруучулар жана жергиликтүү тургундар табышты. Бул акыркы сан эмес, курмандыктар дагы көбөйүшү мүмкүн», — деди комитеттин басма сөз катчысы Умеда Юсуфи.

11-майда нөшөр жаандан кийин Тажикстандын бир нече аймагында сел жүргөн. «Озоди» радиосунун маалыматына караганда, Куляб-Душанбе унаа жолун суу каптап, транспорт каражаттарынын кыймылы токтогон. Өзгөчө кырдаалдар жана жарандык коргонуу комитетинин Куляб аймактык башкармалыгынын өкүлү жаратылыш кырсыгынан кеминде 80 турак жай зыянга учураганын билдирди.

Сход селевого потока в Кулябе
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:01:03 0:00

Буга чейин Тажикстандын Хатлон облусуна караштуу Навобод кыштагында жер көчүп, 15 турак жай жана 100 гектар айдоо жери зыянга учураган.

XS
SM
MD
LG