Жумушчулар алардын айлыктарды жогорулатуу жана эмгек шарттарын жакшыртуу талаптары "жарым-жартылай аткарылганын" билдиришти.
"Кабыл алынган чечим тууралуу бизге 6-июль күнү кечке жакын кабарлашты. Эмгек талаштарын чечүү боюнча комиссиянын протоколдору менен таанышкандан кийин үйлөргө тарап, эртеси ишке чыктык", — деди Нурсултан Нурымов аттуу жумушчу.
Маалыматка караганда, "КЕЗБИнин" жумушчуларына көрсөтүлгөн протоколдо төмөндөгүлөр жазылган:
- Жумушчулардын айлык акысы 50% (жумушчулар талап кылгандай 100% эмес) жогорулайт;
- План аткарылгандан кийин 25-35% өлчөмүндө кошумча акы төлөө мүмкүнчүлүгү каралат;
- 50 айлык эсептик көрсөткүч (146 миң теңге) өлчөмүндөгү төлөмдөр саламаттыкты чыңдоо үчүн санаторийлерде эс алууга, 30 айлык эсептик көрсөткүч (87 500 теңге) өлчөмүндөгү төлөмдөр Мунайчылар күнүндө жана Эгемендик күнүндө берилип турат;
- Ишкана тиешелүү сертификатталган жабдуулар менен камсыз кылынат.
Мындан тышкары протоколдо зыяндуу жана оор шарттарда аткарылган жумуш үчүн кошумча акы төлөө маселеси Мангистау облустук эмгек инспекциясынын кароосуна жөнөтүлө турганы белгиленген.
"КЕЗБИ" жумушчуларынын кесиптик кошуунунун лидери Жолмурат Улыкпанов эгер жетекчилик бул убадаларын аткарбаса, алар кайра иш таштай тургандыктарын билдирди. Ошол эле маалда ал өздөрүнүн көз карандысыз кесиптик кошуунун түзүү иштери улана турганын кошумчалады.
"Биз түзгөн кесиптик кошуунга өтө чоң басым болууда. Азыр үч киши соттошуп жатат. Алар кошуундун ишмердүүлүгүнө активдүү катышканы үчүн иштен алынган. Кесиптик кошуундун жана анын тарапташтарынын аркасы менен бир жумалык иш таштоонун жүрүшүндө жакшы чечимдер кабыл алынды. Өзүнчө кесиптик кошуун түзүү үчүн көптөгөн кыйынчылыктарды баштан өткөрдүк. Каттоо үчүн жети жолу документтерибизди тапшырып, акыры көздөгөнүбүзгө жетиштик", — деди ал.
"КЕЗБИ" компаниясынын 600дөй жумушчусу 30-июнда эртең менен иш таштаган. Алар эмгек шартын жакшыртуу жана маянаны жогорулатуудан тышкары сыйакы төлөө системасын кайра карап чыгууну, майрам күндөр менен зыяндуу аймактагы жумуш үчүн кошумча акы төлөөнү, жумушчуларга эмгек стажына жараша карьералык жогорулоо үчүн мүмкүнчүлүк түзүүнү, ден соолукту чыңдоо борборлоруна барууну уюштурууну, стандарттарга туура келген шаймандар менен камсыздоону, ошондой эле алар түзгөн кесиптик кошуундун ишине кийлигишпөөнү талап кылышкан.
«КЕЗБИ» ишканасынын жумушчуларынын иш таштоосу:
Иш таштоо маалында жумушчулар өлкө жетекчилигине видеокайрылуу жасап, президент Касым-Жомарт Токаевди, премьер-министр Аскар Маминди, ошондой эле Кесиптик кошуундар бирлигинин төрагасы Сатыбалды Даулеталин менен "КазМунайГаз” улуттук компаниясынын жетекчиси Алик Айдарбаевди алардын маселесине көңүл буруп, аны чечип берүүгө чакырышкан.
"КЕЗБИ" компаниясы 1992-жылы түзүлгөн. Ал Мангистау облусундагы мунай компанияларына скважиналарды оңдоо боюнча кызмат көрсөтөт. Компанияда 27 бригада бар, 1200дөй киши иштейт.