Ссылки доступа

Мирзиёевдин коопсуздук кызматы аны "кадыр-баркына шек келтирген маалыматтардан" коргоо укугуна ээ болду


Өзбекстанда президенттин мамлекеттик коопсуздук кызматы тууралуу жаңы мыйзам өлкөдөгү сөз эркиндигин чектеши мүмкүн деген кооптонуулар айтылууда.

Шавкат Мирзиёев 6-июлда кол койгон мыйзамга ылайык, Президенттин мамлекеттик коопсуздук кызматына 40тан ашык ыйгарым укук берилди. Алсак, эми бул орган мамлекет башчы менен анын үй-бүлө мүчөлөрүнүн кадыр-баркына шек келтирген, ошондой эле анын саясий ишмердүүлүгүн жаман көрсөткөн маалыматтарды аныктоо укугуна ээ болот.

Мыйзамга ылайык, президент Мамлекеттик коопсуздук кызматынын коргоосундагы адамдардын кадыр-баркына жана коомдук-саясий ишмердүүлүгүнө шек келтирген маалыматтар боюнча прокуратурага даттана алат.

Мындан тышкары жаңы мыйзам менен Президенттин мамлекеттик коопсуздук кызматына коргоодогу адамдар менен сүйлөшкөн жарандардын анкеталарын, башка маалыматтарын текшерүүжана айыбы ачылган маалыматтар табылган учурда мамлекеттик органдар менен башка уюмдардын кызматкерлерин иштен алуу укугу берилет.

Өзбекстандык блогер Тохир Собиров бул мыйзам өлкөдөгү сөз эркиндигине коркунуч жаратат деп эсептейт.

«Мыйзамда президентти жана анын үй-бүлөсүн жаман көрсөтүү деген эмне экени так жазылган эмес. Сын-пикирлер да президентти жаман көрсөтүү катары каралып, алар куугунтукка алынышы мүмкүн», — деди ал.

Францияда жашап жүргөн өзбекстандык саясат таануучу Камолиддин Раббимов да ушундай эле пикирде.

«Сын менен кемсинтүүнүн, кадыр-баркка шек келтирүүнүн ортосунда так чек ара болушу керек. Бардык коомдо сын-пикир, сынчыл ой жүгүртүү сөз эркиндиги катары каралат», - деди Раббимов.

2018-жылы январда түзүлгөн Президенттин мамлекеттик коопсуздук кызматынын ишмердүүлүгү президенттин жашыруун жарлыктары менен көзөмөлдөнөт. 2020-жылы декабрда бул органга Мамлекеттик коопсуздук кызматынын мурдагы төрага орун басары Алишер Усманов дайындалган.

XS
SM
MD
LG