Ссылки доступа

Чымкент шаарында ооган качкындары үчүн орундар даярдалып жатканы кабарланууда


Казакстандын Чымкент шаарындагы Көркөм сүрөт колледжинин кызматкерлери окуу жайдын жатакасында ооганстандык качкындар үчүн орундар даярдалып жатканын билдиришүүдө.

- Буйрукка ылайык, Ооганстандан келе турган качкындар үчүн 305 орун даярдала баштады. Кечээ кечтен бери 100 орун даяр болду, – деди окуу жайдын аты-жөнүн билдиргиси келбеген кызматкери.

Чымкент шаардык акимчилигенин калаада качкындарды жайгаштыруу ыктымалдуулугу боюнча маалымат бере албай тургандыктарын айтып, бул маселе боюнча Нур-Султанга кайрылууну сунушташты.

Жекшемби күнү Казакстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) өлкө аймагында ооган качкындары үчүн лагерь ачыла тургандыгы жөнүндөгү соцтармактарда тарап жаткан маалыматтарды четке каккан.

Дүйшөмбү күнү казак ТИМинин басма сөз катчысы Айбек Смадияров качкындарды кабыл алуу ыктымалдыгы тууралуу маалыматтарды ырастаган да, төгүндөгөн да жок.

– Азырынча ооган качкындары Чымкентке келеби-келбейби так айта албайм. Ооганстандагы абал саат сайын өзгөрүп жатат, – деди ал.

"Талибан" кыймылынын жоочулары 15-августта Ооганстандын баш калаасы Кабулга кирип, өлкө аймагы толугу менен алардын көзөмөлүнө өткөнүн жарыялаган. Ошол эле күнү ооган президенти Ашраф Гани өлкөдөн чыгып кеткени кабарланган.

XS
SM
MD
LG